АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАНАТ.
Раззаков шаардык Кеңешинин муниципалдык кызматтын кенже, улук жана башкы административдик кадрлар резервин түзүү боюнча
АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ:
I. Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:
1) административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
- жогорку же болбосо орто кесиптик билим.
- иш стажына талаптар коюлбайт.
2) административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
- жогорку билим, жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес стажы.
3) административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн:
- жогорку билим, жалпысынан үч жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес стажы.
II. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
- Өзүнүн арызы
- Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
- Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
- Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
- Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү
- Паспорттун көчүрмөсү
Талап кылынган документтер 2022-жылдын 20-апрель күнү саат 16-00 гө чейин төмөндөгү
дарек боюнча кабыл алынат:
720400, Исфана шаары, И.Раззаков көчөсү-10, Исфана шаардык Кеңеши.
Кошумча маалыматтарды алуу үчүн байланыш телефону: 5-05-08; 5-09-90.