Электрондук дарек
meriya2012@mail.ru
03656-5-00-85 03656-5-09-90
Жабуу
10-январь

Раззаков шаарынын Строительная көчөсүнө Исаев Жусупали Калматовичтин ысмы ыйгарылды.

Раззаков шаарынын жергиликтүү калкынын демилгеси Раззаков шаардык Кеңешинин депутаттары жана шаар мэриясы тарабынан колдоого алынып, Кеңештин 2022-жылдын 24-октябрындагы №2-токтому менен Раззаков шаарынын Строительная көчөсүнө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты, “Ак-Тилек” акционердик коомунун жетекчиси, маркум Исаев Жусупали Калматовичтин ысмы ыйгарылды.
Исаев Ж.К. атындагы көчөнүн ачылыш аземи 2022-жылдын 10-январь күнү болуп өттү. Бул иш чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым өкүлүнүн биринчи орун басары М.К.Тулаев, Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким А.Р.Рахманкулов, Раззаков шаардык Кеңешинин төрагасы Б.Т.Сапаев, Раззаков шаарынын мэри Ч.А.Рысов, шаардын кадыр-барктуу инсандары, райондун имам хатиби, шаардын жергиликтүү тургундары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана Ж.К.Исаевдин үй-бүлөсү катышты.