Электрондук дарек
meriya2012@mail.ru
03656-5-00-85 03656-5-09-90
Жабуу
29-апрель

Раззаков шаарынын мэриясынын муниципалдык кызматтын КЕНЖЕ, УЛУК жана БАШКЫ административдик кадрлар РЕЗЕРВин түзүү боюнча АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ.

КЫРГЫЗ  РЕСПУБЛИКАСЫ, БАТКЕН ОБЛАСТЫ, ЛЕЙЛЕК РАЙОНУ

РАЗЗАКОВ ШААРНЫН МЭРИЯСЫ, РАЗЗАКОВ КӨЧӨСҮ21

 

 

Раззаков шаарынын мэриясынын муниципалдык кызматтын КЕНЖЕ, УЛУК жана БАШКЫ административдик кадрлар РЕЗЕРВин түзүү боюнча    

АЧЫК   КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ:

 

 

I.Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:

1) административдик кызмат орундарынын КЕНЖЕ тобу үчүн:

-жогорку же болбосо орто кесиптик билим.

-иш стажына талаптар коюлбайт.

2) административдик кызмат орундарынын УЛУК тобу үчүн:

-жогорку билим, жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес стажы.

3) административдик кызмат орундарынын БАШКЫ тобу үчүн:

-жогорку билим, жалпысынан үч жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес стажы.

 

II. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

  1.  Өзүнүн арызы
  2. Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
  3. Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн негизги жана кошумча билимин  (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
  4. Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
  5. Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү
  6. Паспорттун көчүрмөсү

 

Талап кылынган документтер 2024 – жылдын   20-май күнү саат 16-00 гө чейин төмөндөгү дарек боюнча кабыл алынат:

720400, Раззаков шаары, И.Раззаков көчөсү21, Раззаков шаарынын мэриясы.

Кошумча маалыматтарды алуу үчүн байланыш телефону: 5-00-85;   5-02-44.