Электрондук дарек
meriya2012@mail.ru
03656-5-00-85 03656-5-09-90
Жабуу
15-июль

Исфана шаар мэриясынын инфратүзүмүнүн жакшырышына Ош шаарынын мэриясы жардам көрсөтөт

Өлкөбүздүн экинчи борбор шаары болгон Ош шаарынын биринчи вице мэри Замир Юсупов баш болгон жумушчу топ Исфана шаарына 2021-жылдын 15-июль күнү келип, Исфана шаары менен таанышып кетишти, Мында:
    -Исфана шаарынын мэриясынын административдик имаратына келишип, мэриянын жалпы ишмердүүлүгү менен таанышты;
    -Исфана шаар мэриясынын алдындагы “Лейлек Тазалык” муниципалдык ишканасына барышып, ушул мекемеге тиешелүү болгон техникаларын, эмеректерин көрүштү;
    -Исфана шаарынын түнкү жарыктандыруусунун абалын карап чыгышты;
    -Улуу Инсан, Кыргыз Эл Баатыры И.Раззаковдун муйзине келишип, легендарлуу жетекчинин өмүрү, иш таржымаалы менен таанышты.
    Ушул иш сапардын алкагында Ош шаарынын мэриясынын жумушчу тобу Исфана шаарын ар тараптуу өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу жана колдоо боюнча биргелешкен иш чараларды иштеп чыгууну пландаштырышты.
    Исфана шаарынын мэри Чыңгызбек Рысов  Ош шаарынын мэриясынын Исфана шаарынын инфраструктурасын жакшыртууга жардам көрсөтүүгө  багытталган ниеттерин жогору баалап, терең ыраазычылык билдирет жана ар дайым байланыштагы шаарлар болоруна терең ишенет.