24-июнь
"ИСФАНА" ЖАЗУУСУ ЖАҢЫДАН КУРУЛУП БАШТАДЫ

Исфана шаарына күн чыгыш тарабынан кирип келүүчү жолдун боюна "Исфана" жазуусу жаңыдан курулуп баштады. Шаардын мэри Чыңгызбек Рысов жана Лейлек районунун мамлекетттик администрациясынын башчысы - аким Алмазбек Рахманкулов курулуш иштери башталган алгачкы күндөн тартып курулуштун долбоору жана жумуштун жүрүшү менен жеринен таанышышты. Л
"Исфана" жазуусун курууга жергиликтүү бюджеттен 1 млн 300 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.