Раззаков шаарынын мэринин жергиликтүү эл менен жолугушуусу жыйынтыкталды.
Бүгүн 9-февраль Раззаков шаарынын мэринин шаардын жана ага караштуу айылдардын жергиликтүү тургундары менен жолугушуусу жыйынтыкталды. Раззаков шаарына караштуу Ак-Босого, Самат, Чимген, Голбо, Тайлан жана Ак-Булак айылдарынын ошондой эле шаардын Раззаков 1-2, Раззаков-3, Раззаков-4, Раззаков 5-6, Раззаков -7 жалпысынан 11 участкалык аймакта жолугушуу өткөрдү. Аймактык өзүн өзү башкаруу комитеттеринин төрагалары (айыл башчылар) отчетторун берип, эл тарабынан жактырылды.
Мэр, шаар тургундарына Раззаков шаарынын мэриясынын 2022-жылы аткарган иштери тууралуу маалымат берип, 2023-жылга Раззаков шаардык Кеңеши тарабынан бекитилген Раззаков шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасы менен тааныштырды. Жергиликтүү элдин көйгөйлөрүн, сунуш-пикирлерин жеринен угуп, иш-планга киргизди.
Эл тарабынан көтөрүлгөн негизги маселелер: турак-жай куруу үчүн жер участкаларды ажыратуу, ички жолдорго шагыл төшөө, КТП электр чубалгыларын тартуу, таза суу түтүктөрүн оңдоо жана башка маселелер.