Электрондук дарек
meriya2012@mail.ru
03656-5-00-85 03656-5-09-90
Жабуу
10-февраль

Раззаков шаарынын мэриясында мамлекеттик фондунун жер аянттарын ижарага берүү боюнча ачык аукцион өткөрүлөт

Раззаков шаарынын мэриясынын пайдалануу мөөнөтү бүткөн мамлекеттик фондунун сугат, кайрак айдоо жана чөп чабынды жер аянттарын  5 (беш) жылдык мөөнөткө ижарага  пайдалануу үчүн ачык аукционго коет. Бул маалыматтар маалымат каражаттарына (Раззаков шаарынын мэриясынын расмий сайтына, социалдык баракчаларына) жарыяланды.

 Ачык аукцион 2024-жылдын 19-март күнү саат 10:00дө Раззаков шаарынын мэриясынын жыйындар залында өткөрүлөт.

Аукционго тийиштүү иш кагаздарды кабыл алуу 2024-жылдын 11-март күнү токтотулат.

Баардык суроолор боюнча Раззаков шаарынын мэриясынын тиешелүү адистерине, төмөнкү телефон номери аркылуу кайрылууңуздарды суранабыз: 0777 365 305, 0777 277 546