Электрондук дарек
meriya2012@mail.ru
03656-5-00-85 03656-5-09-90
Жабуу
30-август

Раззаков шаарынын мэриясынын балдардын жана жаштардын абалы жөнүндөгү БАЯНДАМАСЫ

Баткен областы, Раззаков шаары, 2023-жыл

 

Раззаков шаарынын мэриясынын

балдардын жана жаштардын абалы жөнүндөгү

БАЯНДАМАСЫ

 

Мазмуну

КИРИШ СӨЗ. 3

1-бөлүмШаар боюнча жалпы маалымат. 4

2-бөлүм. Балдар менен жаштарынын абалынын сүрөттөлүшү. 6

2.1.       Социалдык укуктук коргоо жана теңдик. 6

2.2        Балдардын саламаттыгын коргоо балдардын.. 8

жана жаштардын сергек жашоосу. 8

2.3        Балдардын коопсуздуугу. 9

Айлана чөйрө жана балдардын коопсуздугу. 15

2.5.       Балдардын коомдук турмушка жана чечим кабыл алууга катышуусу. 15

Балдар үчүн бюджеттер. 16

КОРУТУНДУ СӨЗ                                                                                                                                                                         18

 

КИРИШ СӨЗ

 

“Раззаков шаардык мэриясынын балдардын жана жаштардын абалы жөнүндөгү” доклады –  бул Раззаков  шаарындагы балдарга жана жаштарга байланышкан кырдаалды талдоо жана анализ болуп саналат.

Доклад  шаар аймагындагы  балдардын жана жаштардын  абалы боюнча системалуу аналитикалык маалыматтарды камсыз кылуу балдардын укуктарын маселелери боюнча оптималдуу чечүү, ошондой эле алардын укуктарын  коргоо жана өнүктүрүү.

Доклад,    “Балдардын укуктары” жөнүндө БУУнун, "Балдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын кодекси, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине  таянып даярдалды. 

Докладдын  максаты шаардагы балдардын жана жаштардын  абалына комплекстүү баа берүүдө  аныкталган көйгөйлөрдүн  негизинде  жергиликтүү денгээлде  чечимдерди кабыл алуу болуп саналат.

Доклад Раззаков шаардык мэриясынын  статистикалык маалыматтарга негизделген. Мындан тышкары, шаардагы  балдардын жана жаштардын  муктаждыктарын аныктоодо изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын негизинде эске алынган. Докладда  билим берүү, социалдык өнүгүү башкармалыгынан,  коомдук тартипти сактоо, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан маалыматтарына негизделген.

Ушул  докладда  негизги маселелери чагылдырылып, жетим жана майып балдардын абалы, кылмыштуулук, укук бузуулардын жана жашы жете элек балдардын кароосуз калган  мындай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чараларынын негизинде даярдалды. Ошондой эле баяндама балдардын маселелерин оптималдуу түрдө тез арада чечип, алардын укуктарын камсыз кылып, балдарды коргоо жана өнүктүрүү боюнча ЖӨБОнун, түрдүү мамлекеттик органдардын жана социалдык кызматтардын ишиндеги артыкчылыктуу багыттарды аныктоо максатын көздөйт.

 

 

1-бөлүмШаар боюнча жалпы маалымат

 

Исфана айылдык Кенеши 1937-жылы түзүлгөн. 1996-жылы Исфана айыл Өкмөтү болуп кайрадан өзгөртүлгөн. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 5-февралындагы № 21-Жарлыгы менен Исфана айыл Өкмөтүнүн базасында жана административдик аймагынын чегинде Исфана шаар башкармалыгы түзүлүп, райондук маанидеги шаар статусу берилген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451-токтому менен Исфана шаар башкармалыгы райондук маанидеги Исфана шаар мэриясы болуп өзгөрүлгөн.

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-мартындагы  №19  “Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарын Раззаков шаары деп кайра атоо жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде Исфана шаарына тарыхый инсан, мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун наамы берилди.

Раззаков шаарынын аймагы 28950 га. түзүп, Туркестан кырка тоолорунун түштүк жагында,   дениз денгээлинен 1300 метр бийиктикте жайгашкан. Областын борбору Баткен шаарынан 130 км., Республиканын борборунан 960 км. аралыкта жайгашып, Лейлек районунун борбору болуп саналат.

 Раззаков шаары чыгыш тарабынан Тогуз-Булак айыл Өкмөтү, батыш тарабынан Сумбула, Ак-Суу айыл Өкмөттөрү, түндүк тарабынан Сүлүктү шаары жана Тажик Республикасынын Дж.Расулов районунун Коргончо айылы менен чектешет.

Жакынкы темир жол станциясы шаардан 45 км аралыкта-Тажик Респуликасынын Согди областынын Пролетарск шаарында жайгашкан.

Раззаков шаарында республикалык маанидеги, учурда иштеп жаткан «Раззаков» аэропорту бар, Раззаков-Бишкек маршруту боюнча жумасына эки жолу каттайт.

Бишкек шаары менен траспорттук байланыш  Баткен-Ош-Ала-Бель-Тоо-Ашуу аркылуу жүргүзүлөт.

Бүгүнкү күндө Раззаков шаарынын аймагында 13 жалпы билим берүүчү мекемелер, 2 гимназия мектептери, 1 интернат,  9 балдар бакчалары, 1 ДМЧ балдарды калыптандыруу борбору, 1 кесиптик лицей, 1 атайын орто билим берүү окуу жайы (академия),  1 аймактык оорукана, 1 жалпы дарыгерлер практика борбору, 6 үй бүлөлүк дарыгерлер топтору бар.

Жалпысынан 2023-жылдын 1-январына карата  32694 адам жашайт. Раззаков шаарына 1 шаар, 6 айыл кирет. Анын ичинде 2 айыл, Ак-Босого жна Самат айылдары чек ара айылы статусуна ээ.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы:

Шаардын өкүлчүлүктүү органы болуп жергиликтүү кеӊеш эсептелет, депутаттардын саны жана курамы 31, туруктуу комиссиялардын саны-4. Раззаков шаарынын мэриясы аткаруу-тескөөчү органы, аппараттын кызматкерлеринин  саны жана курамы -20, гендердик теңчилик боюнча аппаратта- 16 эркек, 4  аял.

 

Калктын демографиялык  көрсөткүчү

 

Туруктуу калкынын саны 32694 адам, анын ичинен 34,6 % - айыл жашоочулары түзөт. Калктын этникалык курамы: кыргыздар16956 адам, башка улуттар15738 адам.

             

Административдик-территориялдык бирдиктердин саны:

-райондун административдик-маданий борбору – Раззаков шаары

           - айылдар -6;    (Ак-Босого, Самат, Чимген, Тайлан, Ак-Булак жана Голбо)

            

2-бөлүм. Балдар менен жаштарынын абалынын сүрөттөлүшү

2023-жылга карата  Раззаков шаарынын калкынын саны 32694 киши. Анын ичинен балдардын  жана жаштардын жалпы саны  20628 бала болуп, жалпы калктын 63,1% түзөт. Раззаков шаарында  ички миграция күчөп, жаштардын  саны көбөйгөндүгү байкалган.    Ошондой эле шаар аймагында №48 кесиптик лицейи жана Академия атайын орто окуу жайы, турмуштук оор кырдаалдагы балдар үчүн “Акчыйыр”  мектеп-интернаты жайгашып, башка айыл аймактардан жаштар келип билим алууда.

           Раззаков шаарында жашаган балдардын жана  жаштардын жаш курагы жана гендердик курамы боюнча көрсөткүчү:

1. 0 жаштан 14 жашка чейинкилер - 13733 адам, а.и. эркектер - 7311, аялдар - 6600

2. 14 жаштан 28 жашка чейинкилер - 6894 адам, а.и. эркектер - 3517, аялдар - 3378.

 

    1. Социалдык укуктук коргоо жана теңдик.

Социалдык коргоо. Раззаков  шаарындагы социалдык категориядагы балдардын, анын ичинде ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, турмуш шарты оор бар үй-бүлөлөрдүн балдары, тоголок жетим, жарым жетим, ата-энеси миграцияга кеткен балдар жана башка категориядагы балдарды аныктап, дайыма алар менен иш алып барылууда.

 Раззаков шаарынын мэриясында 231 мүмкүнчүлүгү чектелген жашы жете элек балдар каттоодо турат. Алардын ичинен 28 бала церебралдык паралиж оорусу менен ооруйт. Аларга майыптыгы боюнча социалдык  жөлөк пул 221 балага  8800 сом жана Ак босого айылындагы 10 бала 10400 сомдон ай сайын төлөнөт.

Мындан сырткары аз камсыз үй-бүлөдөгү балдарга  “үй-бүлөгө көмөк” пул алып жаткандардын  саны 904 балдарды түзөт.

            Турмуштук оор жагдайда калган, анын ичинде мигрант ата-энелер тарабынан калтырылган балдар, балдарга жана жаштарга карата зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча аткарылган ич-чаралар жөнүндө маалымат: 

2023-жылга карата шаардын аймагында үймө үй жүрүп, ата-энелери миграцияда жүргөн үй-бүлөлөрдү аныктоо менен алардын жашоо шарттары менен таанышып анализдөө иштери жүрдү. Ата-энеси  миграцияда жүргөн балдардын саны- 188 баланы түзгөн.

Раззаков шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 12-декабрындагы №260 буйругунун негизинде Зордук зомбулукка каршы күрөшүү боюнча комиссия курамы түзүлгөн. 2022-жылдын 25-ноябрында “КОРКПО, ТОКТОТ, ЖАША!” деген ураанда иш чара уюштурулган. Иш-чаранын алкагында эл арасында балдарды тарбиялоодо ата-энелердин жоопкерчилиги жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Раззаков шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 6-февралындагы №14 буйругунун негизинде балдарга карата ырайымсыздык мамилелерди жана зордук зомбулуктун, укук бузуулардын алдын алуу боюнча ата-энелеринин камкордугусуз калган балдарды, анын ичинен ата-энеси ички жана тышкы миграцияда жүргөн балдардын санын аныктоо, база түзүү жана түзүлгөн база боюнча маалыматты берүү жагы шаар аймагында жайгашкан мектеп директорлоруна жана балдар бакчаларынын башчыларына милдеттендирилген.

Аталган иш-чара боюнча шаар аймагынындагы мектептерде балдарга ырайымсыз мамилелерди болтурбоо максатында семинар-сабактар өткөрүлдү жана мектеп окуучуларынын  арасында түрдүү темада дубал газеталар чыгарылып, илинди. Ошондой эле балдар укуктарынын конвециясы боюнча маалымат социалдык педагогдор тарабынан  лекциялар өткөрүлдү. 

Балдардын укуктарын коргоо жаатында коомдук саясаттын негизги багыттарынын бири  жетим балдардын санын  кыскартуу болуп саналат.     Раззаков  шаарында 8 тоголок жетим балдар катталган. Ошондой эле 207 жарым жетим балдар каттоого алынган.

      Бүгүнкү күндө 8 тоголок  жетим бала жакын туугандарынын камкордугуна алынып, мэрия тарабынан көзөмөлдө турат жана жыл сайын депозит эсебине мүмкүнчүлүккө карап ар бир балага акча каражат которулуп турат.  Шаарда  зордук-зомбулуктан жабыр тарткан балдар аныкталган эмес.  Бирок ошондой болсо да балдарды коргоо, анын ичинде үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан коргоо максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 15 мектепке жана 15 элге урунду болгон аймактарга ишеним кутучаларына ишеним телефон жазылып кадалып коюлган.

2.    Балдардын саламаттыгын коргоо балдардын

жана жаштардын сергек жашоосу

Балдардын ден соолугун, өзгөчө жаш балдар үчүн эртелеп өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү өзгөчө маанилүү, анткени саламаттык сактоо тармагы балдарды тарбиялоо зор көмөкчү. Эненин ден-соолугун  чындоо, жаны төрөлгөн балдардын ден соолугу, балдардын жана өспүрүмдөрдүн ден соолугу (мисалы, анын ичинде жаны  төрөлгөндөргө кам көрүү, тамактануу, психикалык ден соолугу жана ВИЧ/СПИДти алдын тармактары) балдардын өнүгүүсүнө түздөн-түз таасирин тийгизет. Мындан тышкары, саламаттык сактоо секторунда балдарга кам көрүүдө жана алардын алгачкы жылдарында маалыматтарды таратуу иштерин жүргүзүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк бар.

 

Жаштардын арасында сергек жашоо образын жайылтуу, спортко кызыктыруу багытында регулярдуу иш-чаралар өткөрүлүп келет. Даталуу майрам күндөрүнө карата спорттук иш-чаралар, жаштардын акциялары өткөрүлөт. Мисал катары айтканда 2022 жана 2023-жылдын жаз айларындагы майрамдарга карата Раззаков шаарынын мэринин кубогу үчүн ройондук деңгээлде волейбол боюнча мелдеш уюштурулуп, жогорку деңгээлде өткөрүлүп келет.

 

    1.   Балдардын коопсуздуугу  

Балдар арасындагы кылмыштуулук жана жашы жете электерге каршы кылмыштар. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 22-мартындагы №120-б буйругу менен кабыл алынган “2016-2018 -жылдарга карата Кыргыз Республикасында жаштардын жана балдардын арасында укук бузууларды жана кылмыштарды, суициддерди алдын алуу боюнча ведомстволор аралык иш-чаралар планын” буйругун аткаруу максатында Раззаков шаарынын мэриясынын иш-чаралары иштелип чыгарылып бекитилген. 

 

         2023-жылдын  февраль жана март айларында жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, укук бузуулардын, суициддин, жол унаа кырсыктарынын алдын алуу боюнча дин өкүлдөрү, саламаттык сактоо жана укук коргоо органдары менен биргеликте мектептерде окуучуларга жыйындарда түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Балдар иштери боюнча комиссиясы боюнча 2023-жылдын сегиз ай  ичинде шаардын мэриясынын алдындагы социалдык маселелер боюнча комиссиянын 7 жолу кеңешмеси өткөрүлүп материалдык жардамдарды берүү боюнча маселелер каралып, анын ичинен  жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарына, ДМЧ балдарга, багуучусун жоготкон үй-бүлөлөрдүн балдарына, кургак учук менен жана онкологиялык оору менен  ооруган балдарга комиссиянын чечими менен жалпы 316004 сом материалдык жардамдар берилди.

2.4.   Билим берүү жана өнүгүү

Мектепке чейинки тарбиялоо жана окутуу. Раззаков  шаарында 12 мамлекеттик жана 8 жеке менчик балдар бакчалары иштеп жатат. Балдар бакчаларында тарбияланып жаткан балдардын жалпы саны 1822 бала.  А.и. ДМЧ балдар үчүн “Кулунчак” калыптандыруу борборунда 30 бала тарбияланат.

            Балдар бакчаларында жогорку билимдүү тарбиячылар эмгектенишет. Ал эми “Кулунчак” калыптандыруу борборунда  ДМЧ балдар үчүн логопед,  психолог адистери кызмат көрсөтүүдө. Мектепке чейинки билим берүүгө балдарды көбүрөөк тартуу максатында иш-аракеттер көрүлүп келет. Атап айтканда 2022-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен  2252,822 миң сом каражат бөлүнүп “Арча-Бешик” балдар бакчасына кошумча имарат курулуп пайдаланууга берилди.

Мектепке чейинки тарбиялоонун жана билим берүүдөгү негизги көйгөйлөрдүн негизги анализи:

  1. Раззаков шаарында  бала бакчалардын жетишсиздиги - негизги социалдык көйгөйлөрдүн бири. Адистер белгилегендей, бул демографиялык кырдаалдын өзгөрүүсү,  ошондой биздин шаарда совет мезгилинде курулган бала бакчалардын имараттарын менчиктештирүү башталган кезде жеке менчикке өтүп кетиши, балдардын көп төрөлүүсү, ички миграциянын күчөшү сыяктуу маселелерге байланыштуу.
  2. Дагы бир көйгөй квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги.

 

 Орто билим берүү.  

Шаардын аймагында 11 орто билим берүү мектеби, 1 толук эмес орто мектеби, 1 башталгыч мектеп жана 2 гимназия мектеби, ошондой эле 1 мектеп-интернаты жайгашкан.  Төрт орто мектебибизде билим берүү аралаш тилде окутулуп, кыргыз, өзбек жана орус тилинде  жүргүзүлөт.

Жалпысынан Раззаков шаарынын аймагындагы билим берүү мекемелеринде  7978 бала билим алууда. Бирок шаар райондун борбору болгондуктан шаардагы мектептерге башка айыл аймактарынан да балдар келип окуйт. Айрыкча “Ак Чыйыр” мектеп интернатында район боюнча турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдүн балдары, тоголок жетим, жарым жетим балдар окуйт. Ошону менен бирге А.Навои, Ю.Гагарин атындагы орто мектептеринде, №1 жана №4 Гимназия мектептеринде дагы ар башка айыл өкмөттөрдөн балдар келип  билим алат.

 

Биздин шаардын окуучулары райондук, областтык, республикалык олимпиадаларга катышып, жакшы көрсөткүчтөргө ээ болуп келүүдө.  Шаарда билим берүүнү жогорулатууда жана өнүктүрүүдө мектептерден сырткары “Дисковери” билим берүү борбору,  менталдык арифметика боюнча “Академия Роста” интеллектуалдык өнүктүрүү борбору, музыкалык мектеп жана ар кандай  кружоктор жана спорттук секцияларга багытталган “Балдардын чыгармачылык борбору” ийгиликтүү иштеп жатат.

 Ысык тамактын берилиши боюнча акыркы жылдарда  шаарга караштуу мектептерде БУУнун жана Мерсико эл аралык уюмдарынын азык-түлүк программаларынын алкагында долбоорлор ишке ашырылып, жергиликтүү бюджеттин эсебинен ашканаларда ремонт ишетри жүргүзүлгөн, ал эми аталган уюмдар тарабынан ашкана жабдуулары берилип  азыркы күндө  11 мектепте ысык тамак берилүүдө

Мектептердин жалпы республикалык тестирлөөнүн  көрсөткүчтөрүнүн  жогорку баллда болуусу үчүн эмнелерди аткаруу зарыл.

 

1.   Жалпы Республикалык тестирлөө (ЖРТ) жөнүндө, анын мааниси, жогорку окуу жайга өтүүдөгү ролу жөнүндө  ата-энелер чогулуштарын жогорку денгээлде  өткөрүү  керек.

2.   Ар бир бүтүрүүчүгө ЦООМО (Бишкектеги билимди баалоо жана окутуунун усулдары борбору) тест китептерин алдыртып берүү зарыл.

3.   Шаардагы  мектептердин кыргыз тили, математика предметтеринин мугалимдеринин ЖРТга окутуу керек.

4.   Жогорку балл алгандарга дем берүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен акчалай сыйлыктарды белгилөө зарыл.

                   

Билим сапатын көтөрүү  багытында аткарылуучу иш чаралар:

 

-  мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу.

-  ар бир мектепте “Ата-энелер мектебин” түзүү,

-  мугалимдердин оз ишине болгон жоопкерчилигин жогорулатуу.

-  мектептин ички көзөмөлүн талаптагыдай уюштуруу.

-  эн мыкты окуган окуучуларга стипендияларды белгилөө.

-  мезгил мезгили менен билим сапатына мониторинг жүргүзүү.

Балдарды жана жаштарды өнүктүрүү.  

 

2019-жылдын 3-майындагы Раззаков шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясында Раззаков жаштар борборунун түзүү маселеси күн тартибинде каралып, сессиянын №3- токтому менен алгачкы жолу муниципалдык жаштар борборунун жобосу бекитилди.  Ал эми 2022-жылдын 14-апрелиндеги Раззаков шаардык кеңешинин №4 токтому менен “Раззаков жаштар борбору” мекемесинин жобосу бекитилген.

2021-жылы Жаштар борборунун имараты пайдаланууга берилгенден бери волонтер жана активдүү жаштар тарабынан бир топ иш-чаралар уюштурулуп келет. Азыркы учурда Жаштар борбору шаардын жаштар үчүн ачык жана ийгиликтүү иштеп жатат. Атап айтканда шаардын жаштары үчүн кошумча билим алууга жана өзүн-өзү өнүктүрүүгө шарттарды түзүү эң негизги багыттардын бири болуп эсептелет. Анын негизинде  шаар мэриясы тарабынан Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл Дүйнөлүк азык-түлүк Программасынын “Эмгек жана окутуу үчүн акчалай жардам” долбооруна социалдык категориядагы жарандарды ишкердикке, финансалык сабаттуулукка жана кесипке окутуу боюнча 2021-жылдын июнь-декабрь айларында 7 долбоор ишке ашырылып 102 жаш жарандар кыска мөөнөттүү, эки айга чейинки окуу курстарында билим алышты.

 

Атап айтканда “Ютуб блогери”, “СММ адиси”, “Бизнести пландоо” курстары жаштар борборунда өткөрүлсө, тигүүчү кесибине окутуулар №48 кесиптик лицейдин базасында, ал эми Самат жана Ак-Босого айылдарында агротренинг курстары өткөрүлдү.  2022-жылдын январь айынан апрель айына чейин “Медиасабаттуулук аркылуу толеранттуулукка кадам ташта” маалыматтык кампаниясы ишке ашырылды. Маалыматтык кампания Эл аралык толеранттуулук уюму жана Saferworld уюмунун колдоосу менен өткөрулду. Бул долбоордун алкагында 250 жаштарга (мугалимдер, окуучулар, студенттер) 2 айдын аралыгында тренингдер өткөрүлдү.

Азыркы учурда жаштар борборунда компьютердик сабаттуулук жана “Talking club” англис тили курстары өткөрүлүп келет.

Айлана чөйрө жана балдардын коопсуздугу

             Жаштар шаардын аймагынын тазалыгына кайдыгер эмес. Жыл сайын жарыялануучу 3 айлык көрктөндүрүү мезгилинде жана жыл ичинде өткөрүлүүчү ишембиликтерге жаштардын активдүү катышусу муну тастыктап турат.

Мындан сырткары   “Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жумушун жеңилдетүү, борбордук көчөлөрдөн таштандыларды алып чыгууну ыкчам түрдө аткаруу жана эң негизгиси таштандыларда сорттоо тажрыйбасын жолго коюу максатында 2022-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен 632238 сомго шаардын аймагында 6 жерде жеңил типтеги таштанды таштоочу атайын жайлар курулду. Ошону менен бирге 1076000 сомго 40 даана атайын заманбап таштанды үкөктөрү сатып алынып орнотулду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы ПЖ №77 “Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндөгү”  Жарлыгын ишке ашыруу боюнча 2023-жылдын 1-жарым жылдыгында бир топ иш-чаралар аткарылды. Атап айтканда шаардын аймагында айлана-чөйрөнү коргоо, таштандыларды ыргытпоо жана тазалыкты сактоо боюнча жалпыга маалымат жана эскертүү иретинде шаардын борбордук көчөлөрүнө 10 даана атайын инсталляциялар орнотулду. Ал эми таштандыларды сорттоо тажрыйбасын жолго коюу, ошону менен бирге айлана-чөйрөнү пластиктин бардык түрү жана полиэтилен пакеттердин калдыктарынан тазалоо максатында 10 даана ачык түрдөгү (сетчатый) бөтөлкө көрүнүшүндөгү таштанды таштоочу үкөктөр орнотулду.

 

    1. Балдардын коомдук турмушка жана чечим кабыл алууга катышуусу

Раззаков шаарында Коомдук алдын алуу борборунун курамында Жаштар кеңеши иштеп келет. Мындан тышкары мектептерде жогорку класстын окуучуларынан түзүлгөн мектеп парламенттери бар.

2017-жылдын 3-июлунда Раззаков шаардык жаштар иштери боюнча консультативдик кенеш  Раззаков шаарынын мэринин №154 Буйругу менен бекитилген жана ага 11 киши кирген. 2019-жылда анын курамына өзгөртүүлөр киргизилип аялдардын тең санда катышуусу камсыздалды. Аларга мэрия алдындагы жаштар иштери боюнча адис, жергиликтүү кеңештин депутаты, юрист, социалдык адистер жана  мектеп парламентинин мүчөлөрү жана башка жаштар кирген.  

2022-2023-окуу жылынын аягында шаардын мэри тарабынан мектеп окуучулар үчүн ачык эшиктер күнү уюштурулуп балдар мэрдин кабыл алуусунда болушту.

Жаштар жана балдар үчүн бюджеттер

2022-жылы жергиликтүү бюджеттен 160000 сом балдар жана жаштар арасында спорттук жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө каражат бөлүнүп иш-чаралар өткөрүлгөн.

Андан тышкары, Нооруз майрамына 59000 сом,  Жаңы жыл майрамына 92500 сом, жаштар арасындагы ар түрдүү маданий иш-чаралар, 10-ноябрь Кыргыз Республикасынын Жаштар күнү, 5-декабрь Волонтерлердун күнүнө карата “Китеп конкурсу”, “Акыл ордо” сыяктуу конкурстар жана акцияларды өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен  30000 сом, мектеп  окуучуларын олимпиадаларга жана спартакиадаларга барып келүүсү үчүн 100000 сом бөлүнүп иш-чаралар жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата Раззаков шаарынын аймагында жашаган 5 тоголок жетим балдарга колдоо көрсөтүү  максатында ар биринин депозит эсебине 4800 сомдон жалпысынан 24000 сом которулуп берилген, ошондой эле  “Кулунчак” ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды калыбына келтирүү борборуна тарбияланган  30 балага 22 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилди. Жалпысынан балдар күнүнө карата  жергиликтүү бюджеттин эсебинен 46000 сом акча  жумшалды. 2023-жылы 1-июнда өткөрүлгөн ушул сыяктуу  иш-чараларга 59600 сом жумшалды.

2022-жылы “Алтын-Бешик” эс алуу лагерине 11 турмуш-шарты оор  балдарды эс алып келүүсү үчүн 70768 сом которулган. Ал эми 2023-жылы 77000 сом каржыланып берилди

Кышка карата даярдык боюнча 2022-жылы көп балалуу үй-бүлөлөргө, багуучусун жоготкон үй-бүлөлөргө жана ДМЧ балдары бар үй-бүлөлөргө бардыгы болуп 222 үй-бүлөгө 70 тонна көмүр таркатылып, жалпы суммасы 413 000 сом акча каражаты жумшалды

“Балаты-2023” майрамына карата  турмуш шарты оор, жарым жетим,социалдык жетим 120 балага,  жалпы  суммасы  120 000 сомдук белек даярдалып,  мэр тарабынан  белектер тапшырылды. Майрамдык стол жана ысык тамак, аяз атанын белегине 25 000 сом жумшалды, жалпы суммасы 145 000 сом бөлүндү.

Жыйынтыктап айтканда балдар жана жаштар үчүн өткөрүлгөн иш-чараларга жана социалдык жардамдарга ажыратылган каражаттардын жалпы суммасы 1252,0 миң сомду түздү.

КОРУТУНДУ СӨЗ

  • Бүгүнкү күндө шаарда бала бакчалар жетишсиздигинен эрте жашта билим берүүгө 70% ашуун балдар тартылган эмес. Ошондуктан жакынкы жылдарда  шаарга типтүү бала бакчаларды куруу зарыл.
  • Орто мектептердин имараттары негизинен союз мезгилинде курулган, андан сырткары кээ бир мектептерде (А.Навои, Исфана, Ю.Гагарин) окуучу саны сыйымдуулуктан ашыкча болгондуктан класс каналар жетишсиз. Жаңы, заманбап мектептерди куруу зарыл.
  • Балдар бүгүнкү күнү негизги жалпы билим берүү тышкары дагы кошумча чыгармачылыкты өнүктүрүүгө, спорттук ийримдерге катышууга жана кошумча предметтик билимдерди алууга  муктаждык бар экени аныкталды. Жаштар борборунун базасында түрдүү багыттагы окуу курстарын ачуу зарыл.
  • Жаштардын жана балдардын бош убактын өткөрүүсү үчүн шаардагы паркта шарттар жок. Парктын аймагына амфитеатр, воркаут, спорт аянтчалары, ар түрдүү аттракциондор жана оюн-зоокторду өткөрүүгө мүмкүн болгон шарттарды түзүү жана куруу зарыл.
  • КР мыйзамдарынын талаптарына ылайык, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды тейлөөгө багытталган уюмдар жайгашкан жерлерде жол белгилерин жана көрсөткүчтөрдү орнотуу,  жана керектүү жерлердин баарына атайын жол чийимдерин чийүү иштерин келечектеги иш-пландарды иштеп чыгууда эске алынат;
  • Жергиликтүү денгээлде калкка укуктук жардам көрсөтүүнүн алкагында өзгөчө балдарга жана жаштарга консультациялык-укуктук жардам көрсөтүүнүн конкретүү механизимин иштеп чыгат жана баардык мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.
  • Жалпы билим берүү мекемелерин замандын талабына шайкеш келген жабдыктар, техникалар, жылууту системасын жакшыртуу жана спорттук шаймандар менен камсыздоо иштерин артыкчылыктуу багыт катары алдына максат коют.
  • Шаардык  мектептерде окуу китептери менен камсыздалгандыгы 80% түзөт. Балдарга негизинен орус тилдүү жана өзбек тилдүү мектептерде  китептери жетпей жатат.
  • Балдардын жана жаштардын кызыкчылыктары жана муктаждыктарынан келип чыгып алардын коопсузудун камсыздоого, билим алуусу жана өнүгүүсү үчүн татыктуу шарттарды түзүүгө багытталган иш-чараларды шаардын өнүгүү программаларына киргизүү менен жергиликтүү бюджеттен бул тармакка бөлүнүүчү каражаттардын көлөмүн көбөйтүү зарыл.