Раззаков шаарынын мэриясынын муниципалдык кызматтын КЕНЖЕ, УЛУК жана БАШКЫ административдик кадрлар РЕЗЕРВин түзүү боюнча АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ:

I.Кадрлар резервине кирүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:
1) административдик кызмат орундарынын КЕНЖЕ тобу үчүн:
-жогорку же болбосо орто кесиптик билим.
-иш тажрыйбасына талаптар коюлбайт.
2) административдик кызмат орундарынын УЛУК тобу үчүн:
-жогорку билим, жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызматта иш тажрыйбасы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
3) административдик кызмат орундарынын БАШКЫ тобу үчүн:
-жогорку билим, жалпысынан үч жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызматта иш тажрыйбасы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
II. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
1. Өзүнүн жеке арызы;
2. Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
3. Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
4. Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүргөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш тажрыйбасы бар болсо);
5. Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү
6. Паспорттун көчүрмөсү
Талап кылынган документтер 2023– жылдын 23-январь күнү саат 16-00 гө чейин төмөндөгү дарек боюнча кабыл алынат:
720400, Раззаков шаары, И.Раззаков көчөсү – 21, Раззаков шаарынын мэриясы.
Кошумча маалыматтарды алуу үчүн байланыш телефону: 5-00-85; 5-02-44. 0777 277546